Бишкек, 20.03.25. /Кабар/. Мамлекеттик камсыздандыруу уюму экспорттук келишимдерди камсыздандыруу боюнча тегерек стол өткөрүп, ага өлкөнүн 13 алдыңкы камсыздандыруу компанияларынын өкүлдөрү катышты.
Уюмдан билдиришкендей, талкуунун жүрүшүндө эл аралык товар экспорттоочулардын тышкы экономикалык ишмердиктен келип чыгуучу финансылык тобокелдиктерден коргоонун негизги аспектилери каралды.
Иш-чаранын жүрүшүндө Мамлекеттик камсыздандыруу уюму, башка камсыздандыруу уюмдарына экспорттук камсыздандыруу чөйрөсүндө кызматташуу сунушун киргизди. Бул өз кезегинде ата мекендик ишканалардын тышкы соодасын өнүктүрүү үчүн оң шарттарды түзүүгө багытталат.
Белгилей кетсек, КР президентинин 2024-жылдын 20-мартындагы жарлыгына ылайык, Мамлекеттик Камсыздандыруу уюму ААК Евразиялык кайра камсыздандыруу компаниясы (ЕККК) менен кызматташып, экспорттук тобокелдиктер боюнча улуттук оператор болуп дайындалды.
Ага ылайык, “МКУ” ААКсы экспорттоочуларга комплекстүү камсыздандыруу кызматтарын сунуштап, алардын бизнесин ишенимдүү коргоону камсыздайт жана улуттук экспортту өнүктүрүүгө көмөктөшөт.
"Мамлекеттик камсыздандыруу уюуму Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу рыногунун жана тышкы экономикалык ишмердигинин туруктуу өнүгүүсүнө салым кошууга умтулуп, экспорттоочуларды камсыздандыруунун заманбап жана эффективдүү механизмдерин иштеп чыгууну улантат",-деп айтылат маалыматта.