КР элчиси "Борбор Азия – Италия" форматындагы тегерек столго катышты

Саясат Загрузка... 16 Май 2025 12:30
WhatsApp Image 2025-05-15 at 09.46.30.jpeg
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 16.05.2025. /Кабар/. Кыргызтандын Италиядагы элчиси Таалай Базарбаев "Борбор Азия – Италия" форматындагы тегерек столго катышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Иш-чара Борбор Азия мамлекеттеринин Рим шаарындагы дипломатиялык миссиялары жана Италиянын Тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министрлиги тарабынан уюштурулган.

Ошондой эле иш-чарага академиялык чөйрөлөрдүн өкүлдөрү, Борбор Азия боюнча италиялык адистер жана аналитиктер катышты.

Элчи өз сөзүндө "С5–Италия" форматындагы өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, бардык тараптарды биргелешкен демилгелерди практикалык ишке ашырууга өтүүгө чакырды.

Иш-чаранын алкагында үч панелдик сессия өтүп, анда тараптар соода-экономикалык, энергетикалык, жаратылыш-климаттык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда көп тараптуу кызматташуунун келечеги боюнча пикир алмашышты.