Чүй облусунда Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча беш жылдык иш-аракеттер боюнча тегерек стол өттү

Коом 1104 26 Февраль 2025 18:18
480326126_1161593445975288_5493045982300686806_n.jpg
480521081_1161593465975286_987380046400177057_n.jpg
480729787_1161593382641961_7617624743433981312_n.jpg
Алдыга
Артка
480326126_1161593445975288_5493045982300686806_n.jpg
480521081_1161593465975286_987380046400177057_n.jpg
480729787_1161593382641961_7617624743433981312_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 26.02.25. /Кабар/. Кыргызстандын президентинин Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча беш жылдык иш-аракеттерди ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү Динара Кемелованын жетекчилиги алдында Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча беш жылдык иш-аракеттерди талкуулоо боюнча тегерек стол уюштурулду.

Иш-чарага президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канатбек Жумагазиев, ЕККУнун өкүлү А.Рогов, БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун өкүлү О.Гучгельдиев, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өкүлү К. Накай, ошондой эле JICA, AFoCO, ПРООН, АРИСтин, министрликтер, ведомстволор, райондук мамлекеттик администрациялар жана Чүй облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын максаты – Чүй облусунун тоолуу аймактарынын туруктуу өнүктүрүү келечегин жана Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча Жол картасынын аткарылышын талкуулоо, ошондой эле мамлекеттик органдар менен эл аралык өнөктөштөрдүн кызматташтыгын чыңдоо маселелери болду. Айыл чарбасын жана жергиликтүү жамааттарды климаттын өзгөрүшүнө ылайыкташтыруу, ошондой эле табигый кырсыктарга каршы алдын ала чараларды көрүү маселелерине да өзгөчө көңүл бурулду.

Тегерек столдун жүрүшүндө Чүй облусунун тоолуу аймактарынын экономикалык өнүктүрүү келечеги боюнча презентациялар өткөрүлүп, тоо туризмин өнүктүрүү, мал чарбачылыгы, агротокойчулук, суу менен камсыздоо системаларын жакшыртуу, инфраструктураны өнүктүрүү, тоолуу жана органикалык продукцияны өндүрүү жана алдыга жылдыруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Атайын өкүл Динара Кемелова өз сөзүндө тоолуу калктын жашоо сапатын жакшыртуу, тоо экосистемаларын коргоо жана климаттын өзгөрүшүнө ылайыкташуу, дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн тоолуу аймактардын көйгөйлөрүнө буруунун, ошондой эле табигый кырсыктарга каршы чараларды көрүү боюнча биргелешкен аракеттердин маанилүүлүгүн белгиледи.

Эл аралык уюмдардын өкүлдөрү Кыргызстанга тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду жана демилгелерди ишке ашырууда мындан ары да колдоо көрсөтүүгө даярдыгын билдиришти.

Иш-чаранын катышуучулары тарабынан Жол картаны ишке ашыруунун механизмдерин жакшыртуу, тоолуу аймактардагы социалдык-экономикалык шарттарды жакшыртууга багытталган долбоорлорду илгерилетүү, мамлекеттик органдардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү күчөтүү боюнча сунуштар айтылды.