Мамлекет санкциялык чараларды минималдаштыруу аракетин көрүүдө – Улуттук банк

Экономика Загрузка... 24 Февраль 2026 12:21
1.webp
copyright icon Кабар

Бишкек, 24.02.26. /Кабар/. Мамлекет Европа биримдигинин Кыргызстандын бир катар банктарына карата киргизген санкцияларынын кесепеттерин минималдаштыруу боюнча чараларды көрүүдө. Бул тууралуу маалымат жыйынында Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков билдирди.

"Бул багыттагы иштерди министрлер кабинети жана Улуттук банк пландалган тартипте, ырааттуу жана мүмкүн болушунча максималдуу деңгээлде жүргүзүп жатат. Мамлекеттик органдар тарабынан көрүлүп жаткан бардык чаралар мындай санкциялык пакеттердин терс таасирин азайтууга багытталган", - деди ал.

Ошондой эле Козубеков санкциялык басымга бир гана Кыргызстан эмес, чөлкөмдөгү бардык өлкөлөр туш болуп жатканын кошумчалады.