Бишкек, 19.02.25. /Кабар/. “Федя. Элдик футболчу" тасмасынын бет ачары бизде өтүп жаткандыгы өлкөнүн спорт тармагындагы жетишкендиги. Бул тууралуу Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов Бишкектеги А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында өтүп жаткан "Федя. Элдик футболчу" көркөм тасмасынын жабык көрсөтүүсүндө билдирди.
Анын айтымында, дүйнөлүк деңгээлдеги спорт чебери, советтик футболчу, “Спартактын” жарым коргоочусу Федор Черенков жөнүндөгү тартылган "Федя. Элдик футболчу" көркөм тасмасынын режиссерлору Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстанды тандап алып тасманын бет ачары бизде көрсөтүлүп жатат.
“Анткени, соңку жылдары өлкөнүн бардык аймактарында футболдук стадиондор курулуп, спортко өзгөчө көңүл бурулууда. Белгилей кетчү нерсе, жакында эле президенттин жарлыгы менен “Спорт агенттиги” өзүнчө мамлекеттик структура болуп түзүлдү. Бул спорт тармагына болгон өзгөчө маани, көңүл бурулуп жатканынан кабар берет”,-деди мамкатчы.
Ал белгилегендей, тасма спортчулардын бир нече муунун даярдаган адам жөнүндө.
“Тасманын жаратуучулары мекенге, жашоого, достукка болгон сүйүүнү чагылдырышкан. Бул тасманын жаңы муундун тарбиясына өзгөчө таасири бар”,-деп кошумчалады ал.
Эске салсак, Бишкекте "Федя. Элдик футболчу" көркөм тасмасынын жабык көрсөтүүсү өтүүдө. Ага президенттин администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков, маданият өкүлдөрү жана атайын чакырлыган студенттер катышууда.