Улуттук банк ЭВФ менен кызматташтыкты талкуулады

Экономика 2 апрель 2026 17:20
img (1).jpg
img (2).jpg
Алдыга
Артка
img (1).jpg
img (2).jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Улуттук банк

Бишкек, 02.04.26 /Кабар/. Күн мурун Улуттук банктын төрагасы Алмаз Бакетаев Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) командасы менен жыйынтыктоочу жолугушуу өткөрдү.

Улуттук банктан билдиришкендей, тараптар акча-кредит саясаты, финансы секторунун туруктуулугу жана өлкөдө макроэкономикалык туруктуулукту колдоо боюнча чаралар сыяктуу негизги маселелерди талкуулашты.

Жолугушууга ЭВФтин Швейцария добуш берүү тобунда Кыргызстандын кызыкчылыгын коргогон өкүл — ЭВФтин аткаруучу директору Патрик Лошевски да катышты. Анын катышуусу диалогдун маанилүүлүгүн жана өлкөбүздүн эл аралык деңгээлде кесипкөй өз ара аракеттенүүгө даяр экенин баса белгиледи.