Кыргызстанда жаздын акыркы айы 1-майдан 11-майга чейин созула турган узак май майрамдары менен коштолот. Шаар тургундары бул күндөрү жакындары менен көңүлдүү жана маданий эс алуу үчүн кайсыл иш-чараларга бара алат? “Кабар” агенттиги ушул күндөрү борбор калаада боло турган эң кызыктуу иш-чараларын тизмегин тартуулайт.
1-майда 19.00, Опера жана балет театрында
Багжан Октябрь "Терапия души" аттуу концерттик программасы
"Терапия души" бул жөн гана концерт эмес, бул көрүүчүлөр менен жандуу диалог. Виртуоздук аткаруу, жанга жаккан обондор жана сахна сыйкырчылыгы ар бир нота жанды жарыкка, жүрөктү жылуулукка толтурган мейкиндикти түзөт.
1-майда 19.00 Кыргыз драма театрында
"Кичинекей адамдын чон трагедиясы" комедиясы
1-майда 19.00 Орус драма театрында
"Эти свободные бабочки" спектакли
Бул өзгөчө сүйүү окуясы. Каарман белгилүү жазуучунун уулу, эксцентрик, экстравагант жана жергиликтүү театрда актриса болууну кыялданат.
1, 2, 3-майда саат 12:00 спорт сарайында
Дүйшөнкул Шопоковдун элесине арналган 47-эл аралык турнир
29-апрелден 3-майга чейин Кыргызстандын борбор шаары бокстун кызуу беттешүүлөрүнүн аренасына айланат! Турнир салттуу түрдө Испания, Германия, Ирак, Россия, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Монголия, Кытай өлкөлөрүнүн күчтүү спортчуларын бир аянтчага чогултат.
1-майда – чейрек финал, 2-майда – жарым финал, 3-майда – финал.
1-майдан 11-майга чейин 18.30, Улуттук Филармонияда
Мирбек Атабековдун концерти
Мирбек Атабеков чыгармачылыкка 20 жыл толду. Анын урматына ырчы жылдын башкы музыкалык окуясы боло турган чоң юбилейлик концертти даярдап жатат!
2-майда 19.00 Кыргыз драма театрында
Н.Гоголдун "Үйлөнүү" комедиясы.
2-майда 19.00 Орус драма театрында
"Не может быть" спектакли
"Не может быть" спектакли сүйүүнүн оор-кыйыштары тууралуу үч күлкүлүү окуя: "Преступление и наказание", "Забавное приключение" жана "Свадьба" пьесасы.
2-майда 19:00, Опера жана балет театрында
HANS ZIMMER CHAMBER
Ханс Циммердин саундтректери эбак эле кинематографиянын чегинен чыгып, заманбап музыкалык маданияттын бир бөлүгү болуп калды. Программада "Интерстеллар", "Дюна", "Темный рыцарь", "Начало", "Пираты Карибского моря" жана башка белгилүү саундтректер бар.
3-майда 19:00 Орус драма театрында
Спектакль "Шестое чувство"
Сахнада көп катмарлуу окуя ачылып, анда каармандардын тагдырлары чырмалышып, ар бири өзүнүн ички суроолоруна жооп издейт.
4 майда 18:00, Кыргыз драма театрында
Rock concert
Энергия менен көрктүүлүктүн, күч менен гармониянын сыйкырдуу аралашуусу – Tynda.music рок-группасынын аткаруусунда рок-концертин тартуулайт.
Тааныш хиттер инструменттердин үнү менен өзгөрүп, жаңы түскө жана эмоционалдык тереңдикке ээ болот.
5-майда саат 16:00, Жеңиш аянтында
Муниципалитеттин колдоосу менен “Гармония” орус маданий борбору уюштурган Жеңиш күнүнө карата автожүрүш өтөт. Автожүрүш Бишкек-Каракол багыты боюнча өтөт.
7-майда 19:00 Опера жана балет театры, "Малахит" залы
VIVA LA MUSICA — опера солисттеринин концерти
Программа эки бөлүмдөн турат:
I бөлүм – КЛАССИКА. II бөлүк – ЖҮРӨКТӨН ХИТТЕР. Неаполитан ырлары, романстары жана вокалдык репертуардын башка берметтери жүрөгүңүздөн орун алат.
7-майда 19:00 Орус драма театрында
Михаил Колюжныйдын бенефиси
Жаш жана таланттуу артист Михаил Калюжныйдын юбилейине арналган бенефис-спектиси. Программада Михаил Калюжный менен болгон спектаклдерден эң мыкты номерлер, ошондой эле сахнадагы кесиптештердин өзгөчө сюрприздери жана куттуктоолору камтылган.
8-майда 18:00, Кыргыз драма театрында
"Кош Жылдыз" телеберүүсү, сынак
"Үңгу жол" идеологиялык документинин алкагында “Кош Жылдыз” долбоорунун чыгармачыл тобу чоң телешоу-сынагын тартуулап, анда таланттуу жылдыздар апалары менен ырдашат.
8-май, Ала-Тоо аянтында
Жеңиш парады өтөт
Парадга Кыргызстандын дээрлик бардык күч түзүмдөрүнүн аскердик техникалары катышат, ошондой эле Кыргызстандын Коргоо министрлигинин жана Россиянын авиабазасынын авиациялык жана абадан коргонуу каражаттары катышат.
8, 9, 10, 11, 17-майда 19:00 Орус драма театрында
"Свидание с сыном" спектакли
Чексиз аталык мээримин чагылдырган спектакль. Бул спектакль көрүүчүлөр үчүн Айтматов өзүнүн чыгармачылыгында көтөргөн терең темаларды: аталар менен балдардын мамилеси, өткөндү эскерүү, адам өмүрүнүн баалуулугу жана адеп-ахлактын түбөлүктүү суроолоруна жолугуу мүмкүнчүлүгү.
9-майда 19:00 Кыргыз драма театрында
Чыңгыз Айтматовдун "Саманчынын жолу" драмасы
9-майда саат 11:00, Орус драма театрынын алдындагы аянтта
Ачык асман алдында Улуу Жеңиш күнүнө арналган майрамдык концерт өтөт.
Концерттик программада согуш жылдарындагы сүйүктүү ырлар, таланттуу артисттердин жана чыгармачыл топтордун аткаруусунда өтөт.
9-майда саат 9:00, Жеңиш аянтында
Өлбөс полктун жүрүшү
Жүрүш Байтик Баатыр көчөсү менен Түштүк магистралдан Жеңиш аянтына чейин өтүп, митинг-реквием менен уланат. Саат 21:00дө шаар тургундары жана борбор калаанын коноктору Эски аянтта жана Тарых музейинин алдындагы фейерверктерди көрө алышат.
10-майда 19:00 Кыргыз драма театрында
"КЛАССИКА ШАМДАР" романтикалык кечеси
Моцарттан Ханс Циммерге чейинки музыкалык чыгармалар камералык оркестрдин жана операнын солисттеринин аткаруусунда жанданып, 3000 шамдын жарыгында атмосферанын, музыканын жана жарыктын биримдигин жаратат.
11-майда 20:00 Кыргыз драма театрында
Тур. Данияр Жумадилов
Данияр Жумадилов "Спарта" КВН командасынын капитаны, "Астана" командасынын курамында ТНТ телеканалындагы "Концерты" шоусунун катышуучусу, "Однажды в России" шоусунун актёру. Данияр Бишкектин бардык тургундарын “Сын маминой подруги” аттуу жеке стенд-концертине чакырат.
Ал эми балдар үчүн
3-майда 11:00 Орус драма театрында
"Бөбөк театры"
"Бөбөк театры" - бул 1 жаштан 4 жашка чейинки эң кичинекей көрүүчүлөр үчүн.
Балдар театрынын спектаклдери жерге жумшак килем жана жаздыктар төшөлгөн жайлуу залда өтөт. Спектаклдер интерактивдүү.
Жаздык аңгемеси "Мечта" - кичинекей көрүүчүлөр токой жоругуна аттанышат.
4-майда 11:00 Орус драма театрында
"Пеппи длинный чулок" спектаклдери
Бул ар бир баланын кыялын ишке ашыра алган: улуулардын айтканын эмес, каалаганын кыла алган кыз тууралуу керемет баян.
4 жана 5-майда 10 жана 14.00 "Повод" көркөм чыгармачылык клубу, "Ала-Тоо" ресторанында.
Кальмар оюндары
Программага төмөнкүлөр кирет: шамдагайлык, көңүл буруу жана командалык маанай үчүн коопсуз жана кызыктуу оюндар; гвардиянын жана легендарлуу куурчактын костюмун кийген реалист алып баруучулар; оттуу бийлер,крио шоу, фото зонасы жана сувенирлер ар бир бала үчүн таттуулар
Ата-энелер үчүн фуршет даярдалат!
19-апрелден 25-майга чейин Цирк
Юрий Никулиндин Москва цирки "Акварель" жаркын программасы менен келет.
Кызыктуу номерлерди жана цирктин мыкты артисттеринин: клоундардын, акробаттардын, гимнасттардын, эквилибристердин жана үйрөтүлгөн жаныбарлардын спектаклдерин көрө аласыз. Программанын негизги өзгөчөлүгү – колго үйрөтүүчү Карина менен Артур Багдасаровдун Уссури жолборстору менен чыгышы!