Ысык-Көл, 02.09.26 /Кабар/. 2-сентябрда Ысык-Көл облусунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы спорттук жана маданий иш-чаралар уланат.
Негизги маданий иш-чаралар Кырчын жайлоосунда, "Рух Ордо” маданий борборунда, ал эми спорттук мелдештер “Евразия” мейманканасында, “Газпром” дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинде, Көк бөрү аренасында өтөт.
Иш-чаралар өтүүчү негизги локациялар:
Кырчын жайлоосу
- “Көчмөндөр ааламы: жандуу мурас”маданий программасынын ачылышы;
- “Шамдагайлар” боз үй тигүү жана жыйноо сынагы;
- төкмө акындардын эл аралык айтышы;
- улуттук тамак-аш, боз үй жана кол өнөрчүлүк боюнча сынактар;
- облустар менен шаарлардын концерттик программалары;
- “Этно-Базар” көргөзмө-жарманкеси жана мастер-класстар;
- “Дүйнөлүк көчмөндөр ашканасы” сынагы;
- балдар үчүн интерактивдүү оюндар;
- улуттук оюндар жана маданий программалар.
Этношаарчанын спорт аянтчасы
- ат марафону;
- ордо;
- бүркүт салуу;
- кыргыз стилинде жаа атуу;
- таяк тартыш;
- аркан тартыш;
- сумо;
- стронгмэн жана башка улуттук спорттук мелдештер.
“Евразия” мейманканасы
- Овари;
- Мангала;
- тогуз коргоол боюнча мелдештер.
“Газпром” дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплекси
- Алыш боюнча мелдеш өтөт.
Көк бөрү аренасы
- көкпар;
- эр эңиш;
- көк бөрү боюнча мелдештер.
Ч. Айтматов атындагы “Рух Ордо” маданий борбору
- “Көчмөндөр санаты” эл аралык салттуу музыка фестивалы;
- акындардын айтышы;
- концерттик программалар;
- комузчулардын жана башка чыгармачыл топтордун өнөрлөрү.
“Дордой-Номад” маданий-этнографиялык комплекси
- “NOMAD FEST” эл аралык музыкалык-этнографиялык фестивалынын ачылышы;
- этномода көрсөтүүсү;
- этнокөргөзмө-жарманке;
- кол өнөрчүлүк боюнча мастер-класстар;
- концерттик жана фольклордук программалар.
Чолпон-Ата ат майданы
- “Көчмөндөр жаңырыгы эл аралык этно-ыр фестивалынын “Этно-хит күнү” өтөт.