Бишкекте ири иш-чараларга байланыштуу курулуш иштери 3 күнгө токтотулду — Кабар

Бишкекте ири иш-чараларга байланыштуу курулуш иштери 3 күнгө токтотулду

Коом 28 август 2026 16:45
788348760_1575829400682770_3402955151334168998_n.jpg
copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 28.08.26. /Кабар/. Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун саммити жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына байланыштуу 30-августтан тартып 3 күнгө курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүүгө жана оор атайын техникаларды колдонууга убактылуу чектөө киргизилди.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, мындай чектөө эл аралык ири иш-чаралар учурунда шаардагы коопсуздукту жана коомдук тартипти сактоого багытталган.

"Ошондой эле транспорттук, инженердик жана энергетикалык инфраструктуралардын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу максатында киргизилүүдө", - деп айтылат маалыматта.