Бишкек, 06.03.26. /Кабар/. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинде жана анын карамагындагы мекемелерде 2024-жыл ичиндеги бюджеттин аткарылышына аудит жүргүзүлдү. Бул тууралуу Эсептөө палатасынан билдиришти.
Текшерүүнүн жыйынтыгында ведомстводо ички көзөмөл жетишсиз экени жана финансылык тартиптин сакталбаган учурлары катталган. Натыйжада төмөнкүдөй олуттуу кемчиликтер ачыкталды:
- кызматкерлердин айлык акысын төлөөдө жана кызматтык иш сапарларга каражаттарды пайдаланууда каржылык мыйзам бузуулар;
- келишим түзүүдө процедуралар сакталбай, мыйзамга каршы түрдө 10 пайыздан ашык аванстык төлөмдөр жүргүзүлгөн;
- айрым учурларда курулуш-монтаждоо иштеринин наркы же көлөмү негизсиз жогорулатылган;
- товардык-материалдык баалуулуктарды жана мамлекеттик мүлктү колдонууда бухгалтердик эсептин талаптары бузулган.
"Министрликке аныкталган кемчиликтерди тез арада жоюу, бюджеттик каражаттарды максаттуу пайдалануу жана каржылык тартипти чыңдоо боюнча катаал тапшырмалар берилди. Тиешелүү сунуштар жана жазма буйруктар ведомствонун жетекчилигине жөнөтүлдү", - деп айтылат маалыматта.