Өлкөнүн аймактарында арзан баадагы айыл чарба азыктарынын жарманкеси өттү

Аймак Загрузка... 10 Февраль 2025 12:05
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 10.02.25. /Кабар/. Дем алыш күндөрү өлкөнүн бир катар аймактарында арзан баада айыл чарба азыктарынын жарманкеси өттү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, базар баасынан арзан, элдин капчыгына күч келбегидей  баада коюлган азык-түлүк жарманкеси Токмок, Кант, Сузак, Өзгөн, Ноокен, Алай, Кара-Кулжа, Кемин, Ош, Айтматов, Бакай-Ата, Жети-Өгүз, Ысык-Көл, Аламүдүн, Токтогул жана башка район-шаарларда өттү.

Жарманке өлкөдөгү тамак-аш коопсуздугун камсыздоо, социалдык маанидеги айыл чарба азыктарына болгон бааны туруктуу кармоо жана жарандарды арзан баадагы азык-түлүк менен камсыз кылуу максатында министрлер кабинетинин төрагасы Бакыт Төрөбаевдин тапшырмасынын негизинде уюштурулууда.