Бишкек, 14.02.25. /Кабар/. Өлкөнүн аймактарына малга сайылуучу вакцина жана биокаражаттар толук жеткирилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Эпизоотиялык абалды туруктуу кармоо жана жаныбарлардын жугуштуу ылаңдарын алдын алуу максатында бекитилген планга ылайык, өлкөнүн бардык аймактарына малга сайылуучу вакциналар, биокаражаттар, антигельминтикалык препараттар тийиштүү шартта туура сактоо менен толук жеткирилип берилди.
Жеринде жеке ветеринардык адистер планга ылайык, учурда эмдөө иштерин жүргүзүп жатышат. Ошондуктан, мал ээлери өзүнүн, жакындарынын коопсуздугу жана саламаттыгы үчүн сөзсүз түрдө мал-жандыктарды профилактикалык эмдөөдөн, дегельминтизациялоодон өткөрүүсү керек.
Негизинен мал-жандыкты эмдөө жылына эки жолу (жаз, күз) тогуз ооруга каршы жүргүзүлөт. Алар: кутурма, шарп, бруцеллёз, күйдүргү, эхинококкоз, кой-эчкилердин кыргыны, күл, жылкынын маңка (сап) оорусу, туберкулин (ири мүйүздүү жана канаттуулар арасында).
Ошондой эле зооноздук ооруларды алдын алуу максатында республиканын бардык аймагында массалык түрдө “Медициналык дарыгер - адамды дарылайт, ал эми Ветеринар - адамзатты дарылайт” аталышындагы форум жана мектеп окуучуларына зооноздук ооруларды алдын алуу боюнча атайын ачык уюштуруп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.
Мындай саамалыктар Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиялогиялык көзөмөлдөө борборлорунун райондук өкүлдөрү, райондун жетекчилери, айыл аймактын башчылары, мэриянын өкүлдөрү, айылдык ден-соолук комитеттери, билим берүү жана саламаттык сактоо тармагынын кызматкерлери, ветеринарлар, жайыт комитеттеринин башчылары, асыл тукум чарбаларынын жетекчилери менен биргеликте өтүүдө.