Өлкөгө мөөнөтү өткөн 11 тонна таттууну алып кирүүгө бөгөт коюлду

Экономика Загрузка... 26 Февраль 2026 16:45
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Мамлекеттик салык кызматы

Бишкек, 26.02.26. /Кабар/. Рейддик салыктык контролдун жүрүшүндө жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен кондитердик азыктарды алып кирүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жүк ташуучу унааларды текшерүү учурунда жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен 4 миң 179 куту кондитердик азык табылган. Алардын жалпы салмагы 11 тоннаны түзгөнү менен, коштоочу документтерде 7 тонна экендиги көрсөтүлгөн.

Андан тышкары, текшерүү учурунда тийиштүү документтери жок суукка каршы кошулмалар, тездеткичтер, гидроизоляциялык материалдар, боёктор, грунттар жана арматуралар аныкталды.

Аталган факт боюнча салык кызматкерлери тарабынан тиешелүү актылар түзүлдү. Автотранспорт каражатына пломба салынып, ал айып короого убактылуу токтотулду.

Учурда материалдар мыйзамга ылайык тийиштүү чараларды көрүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.