Бишкек, 21.08.26. /Кабар/. Кыргызстанда жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу жана көзөмөлдөө боюнча Улуттук стратегия иштелип жатат.
Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, күн мурун стратегияны талкуулоого арналган тегерек стол өттү. Талкууда стратегиянын негизги артыкчылыктары жана көрсөткүчтөрү, ошондой эле жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу боюнча ишке ашырылып жаткан жана пландалган демилгелер каралды.
Мындан тышкары, мамлекеттик органдар, эл аралык уюмдар жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн ишин бирдиктүү система аркылуу координациялоо жана мониторинг жүргүзүү маселелери талкууланды.
Жыйынтыгында стратегияны өркүндөтүү боюнча сунуштар айтылып, аны ишке ашыруунун кийинки кадамдары белгиленди.
Белгилей кетсек, иш-чарага министрдин орун басары Гүлбара Ишенапысова, мамлекеттик органдардын, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өкүлдөрү катышты.