Өлкөдө тоок этинин өндүрүшү кеңейүүдө

Экономика Жүктөлүүдө... 06 Август 2026 12:15
763103923_1553457799608855_7529676280513477938_n.jpg
763692451_2294062074761142_1004608946601846420_n.jpg
764818212_868299606147441_3305977303943953420_n.jpg
764845097_3140995749623396_3313033374489845458_n.jpg
764976301_1680271509748604_7697601296454322658_n.jpg
768361330_1387611353305687_173301932095653302_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 06.08.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков "Агро Куш" ЖЧКсынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Ведомстводон маалымдашкандай, ишкана инкубациядан тартып даяр продукцияны чыгарууга чейинки толук өндүрүш циклин жүргүзүп, өлкөнүн ички рыногун ата мекендик тоок эти менен камсыз кылууга багытталган.

Маалыматка ылайык, "Агро Куш" жылына 7 миллиондон ашык бройлер тоогун өстүрүп, 9 миң тоннага жакын тоок этин өндүрөт. Ошондой эле ишканада жылына 28 миң тоннага чейин комбикорм чыгарылып, 600дөн ашык адам туруктуу жумуш менен камсыздалган.

Эрлист Акунбеков мындай ишканалар азык-түлүк коопсуздугун бекемдөөгө, импортту алмаштырууга жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүүгө маанилүү салым кошорун белгиледи.