Күйүүчү майдын баасын турукташтыруу: Кезектеги жыйын өттү

Министрлер кабинети 26 август 2026 15:45
6a8e9e025e680 (1).jpeg
6a8e9e1c36c17.jpeg
6a8e9e1c1dd19.jpeg
6a8e9e1ba056e.jpeg
6a8e9e13c5bb1.jpeg
6a8e9e0edeff5.jpeg
6a8e9e099ea59.jpeg
6a8e9e063908f.jpeg
Алдыга
Артка
6a8e9e025e680 (1).jpeg
6a8e9e1c36c17.jpeg
6a8e9e1c1dd19.jpeg
6a8e9e1ba056e.jpeg
6a8e9e13c5bb1.jpeg
6a8e9e0edeff5.jpeg
6a8e9e099ea59.jpeg
6a8e9e063908f.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 26.08.26. /Кабар/. Президенттин администрациясында өлкөнүн ички рыногун күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздоого байланышкан маселелер боюнча кезектеги жыйын болуп өттү. 

Анда министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков мунай заттарына байланыштуу маселелерди тескеген мамлекеттик органдардын жана ведомстволордун жетекчилеринин, ошондой эле мунай ташыган компаниялардын өкүлдөрүнүн катышуусунда бул тармактагы актуалдуу маселелер жана алдыдагы пландар каралды. 

Жыйында негизинен экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу, өлкөнүн калкын күйүүчү-майлоочу материалдар менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу, мунай заттарына рыноктук бааларды турукташтыруу боюнча чараларды көрүү, улуттук экономиканын субъекттерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында министрлер кабинети тарабынан аткарылып жаткан иштердин аткарылышы талкууланып, жыйынтыгында катышуучулардын тийиштүүлүгүнө жараша бир катар тапшырмалар берилди.