Бир аптада 22 миңден ашуун жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды

Укук тартиби
Бир аптада 22  миңден ашуун жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды
copyright icon Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы

Бишкек, 12.05.25. /Кабар/. Өлкө аймагында үстүбүздөгү жылдын 5-майынан 11-майына чейин 22 миң 104 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирет.

Анын ичинен:

-Тийиштүү документтери жок унаа башкаруу - 853;

-Мас абалында унаа башкаруу - 418;

-Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу -154;

-Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар - 340;

-Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу - 3688;

-Автоээнбаштык - 29;

-Белгиленген ылдамдыктан ашуу - 3340;

-Жалган мамлекеттик номери менен унаа башкаруу - 3;

-Башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 13 279;

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2563 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.