Фермерлерден түз алыңыздар! Өлкөдө азык-түлүк жарманкелери өтүүдө

Коом Загрузка... 30 Январь 2026 11:01
18e313e1-4755-4895-bf88-0a061e92c448.jpg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 30.01.26. /Кабар/. Өлкөдө ички рынокту туруктуу камсыздоону улантуу жана жарандарга сапаттуу азыктарды жеткиликтүү баада сунуштоо максатында азык-түлүк жарманкелери уюштурулууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жарманкеде азык-түлүк товарлары шаар тургундарына базар баасынан төмөн баада сунушталууда.

Жарманке баалардын өсүш темпин басаңдатуу, социалдык аярлуу катмарды жеткиликтүү азык-түлүк менен камсыздоо, ата-мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо жана ички рыноктун туруктуулугун камсыз кылуу максатын көздөйт. Иш-чара июнь айына чейин уюштурулмакчы.

Бишкек шаарында жарманке ар ишемби жана жекшемби күндөрү мэрия менен биргеликте өткөрүлүп жатат.

Жарманкенин өтүү жайы:

  • Т. Усубалиев атындагы аянт;
  • И. Раззаков жана Абдымомунов көчөлөрүнүн кесилишиндеги аймак;
  • Эркиндик бульвары (Биринчи май району).

Катышуучуларда райондук агрардык башкармалыктан алынган тастыктоочу кат болушу талап кылынат.