Бишкек, 03.03.26. /Кабар/. Кыргызстанда 1-мартта зер буюмдарын легалдаштыруу кампаниясы жыйынтыкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кампаниянын жүрүшүндө 942 ишкер жалпы суммасы дээрлик 16,8 млрд сомду түзгөн зер буюмдарын легалдаштырып, 1604 электрондук эсеп-фактура таризделди.
Легалдаштыруунун алкагында келип чыгышын тастыктаган документтери жок зер буюмдарынын калдыктары тууралуу маалыматтар Салык кызматынын маалымат базасына киргизилди. Бул мындан ары аталган тармактагы продукциянын жүгүртүлүшүн натыйжалуу эсепке алууну жана көзөмөлдөөнү камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
Эскерте кетсек, зер буюмдарын легалдаштыруу кампаниясы президенттин "Экономиканын айрым тармактарын колдоо боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын аткаруунун алкагында өткөрүлгөн.