Бишкек,12.08.25. /Кабар/. Суу ресурстары айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктары тарабынан берилген маалыматка ылайык, 2023-жылы 134 миң гектар жакынкы жайыттар деградацияга учураган. Бул тууралуу министрликке караштуу ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын кызматкери Мыктыбек Каландаров “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, республика боюнча 614 миң гектар жайыт асылдуулугу төмөн деп аныкталган.
“Суу ресурстары айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан 2023-жылдан бери жайыттарды жакшыртуу максатында атайын бюджеттен бөлүнгөн акчанын эсебинен жайыттарга үрөн себүү иштери жүрүп жатат. 2023-жылы 10 миң гектарга, ал эми 2025-жылдын башында 15 миң гектар жайытка үрөн себилди. Быйылкы 2025-жылдын күз айларында үрөн себүүгө 50 млн сом каражат бюджеттен бөлүнгөн. Азыр сатып алуу иштери жүргүзүлүп, үрөн Кыргызстанга ташылып келүүдө. Буюрса сентябрь айында аба ырайынын өзгөрүлүшүн эске алуу менен жайыттарды жакшыртуу иштери башталат”,- деди Каландаров.

Негизинен жайыттарды жакшыртууда үрөн себүү, эс алдыруу жана сугаруу сыяктуу үч ыкма колдонуларын министрликтин өкүлү маалымдады.
“Жакынкы жайыттарды эс алдыруу деген атайын буйруктун негизинде быйыл 400 миң гектарга жакын жайытты эс алдырууга калтыруу жайыт башкаруу планына киргизилди. Белгилей кетсек, деградацияга учураган жайыттар бул жакынкы жайыттар. Алыскы жайыттардын пландык негизде башкарылбаганы, климаттын өзгөрүшү, малдын башынын көбөйүшү деградацияга себеп болууда. Малдын башы көбөйгөнү менен жайыттардын азыктуулугу бизди канааттандырбай келет”,- дейт ал.
Эске салсак, өткөн жумада президент Садыр Жапаров элди жайлоолорду сактоого чакырды. Мында мамлекет башчысы жайыттарды жана көк шиберлерди техникалардын изинен сактап калуу зарылдыгын белгиледи. Ал жаратылышка аяр мамиле жасап, мал багууда экологиялык эрежелерди сактоого, жайлоолорду бүлдүрбөөгө үндөдү.