Бишкек, 15.02.25. /Кабар/. Кызматына кайдыгер караган жетекчилердин жоопкерчилиги каралат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын онлайн кеңешмесинде айтылды.
Кеңешмеге ЖКККББ башчысы Жеңишбек Жоробеков, жер-жерлердеги башкармалыктардын башчылары катышып, жол унаа кырсыктарын алдын алуу жана өспүрүмдөр катышкан жол кырсыктарына бөгөт коюу, ошондой эле, өткөрүлгөн рейддик иш-чаралардын жыйынтыгы каралды.
Ошондой эле 2025-жылдын башынан тартып өлкө аймагында жол унаа кырсыктарын алдын алуу максатында өткөрүлгөн "Рульда", "Бахус", "Жөө жүргүнчү" аталышындагы рейддик иш-чаралардын жыйынтыгы каралды. ЖКККББгы тарабынан жөнөтүлгөн тескеме, буйруктарды өз убагында аткарбаган жетекчилердин жоопкерчилигин кароо боюнча сунуштар берилди.
Ошондой эле өспүрүмдөрдүн катышуусундагы жол кырсыктарын алдын алуу боюнча жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, жалпы орто мектептер менен биргеликте иш алып баруу, мектептерге бекитилген кызматкерлердин жоопкерчилигин көзөмөлдөө, жолдордогу кооптуу аймактарды аныктап, тийиштүү жол белгилерин орнотуу сунуштарын даярдоо, андан сырткары кызматкерлердин кызматтык тартибин көзөмөлдөө жана мамлекет тарабынан берилген мүлктү туура жана таза пайдалануу тапшырмалары коюлду.
Кеңешменин соңунда ЖКККББ башчысы жол унаа кырсыктарын алдын алуу боюнча "Рулда" аталышында рейд өткөрүлүп, жер-жерлерде жол кырсыктарын алдын алуу багытында тийиштүү иш-чараларды жүргүзбөгөн кызматкерлердин жоопкерчилиги караларын эскертти.