Кышында жарыксыз калбаш үчүн электр энергиясын азыртадан үнөмдөйлү - энергетика министри

Коом Загрузка... 25 Июль 2025 14:35
WhatsApp Image 2025-07-25 at 14.08.34.jpeg
copyright icon WWW

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 25.07.25. /Кабар/. Кышында жарыксыз калбаш үчүн электр энергиясын азыртадан үнөмдөп колдонушубуз керек. Мындай пикирин энергетика министри Таалайбек Ибраев “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында, буга чейин электр энергиясы эң көп сарпталган учур былтыр июль айында катталып, суткалык керектөө 38,8 млн кВт/с түзгөн. Ал эми быйыл 2025-жылы 24-июль күнү электр энергиясын суткалык керектөө 44,7 млн кВт/с болуп эң жогорку рекорддук чекке жеткен.

“Мында дээрлик 6 млн кВт/с электр энергиясын көбүрөөк колдонуу болуп жатат. Негизинен Борбор Азия мамлекеттеринде электр энергиясын колдонуу боюнча ушундай өсүш болууда. Себеби, аймакта быйыл аба ырайынын ысык күндөрү сезилип жатат. Мисалы, кошуна мамлекеттерде да электр энергиясын кышкы колдонууга караганда жайкы колдонуу өсүүдө.

Ал эми Кыргызстанда электр энергиясын колдонуунун жогорулашы менен экономиканын өсүшүн байкасак болот. Бул элдин жашоо-турмушу жакшыргандыгынын белгиси. Азыр айыл жеринде да ар бир үй салган адам үйүнө суу жылыткыч, кир жуугуч машине сыяктуу тиричилик техникаларын кеңири колдонушууда. Учурда ар бир үй эң жогору дегенде 5 кВт сааттан кем эмес электр энергиясын колдонуп жатат”,- дейт министр.

Ошондой эле Ибраев быйылкы жылы былтыркыга салыштырмалуу өлкөдө дээрлик 30 миң абонентке электр энергиясын колдонуучулардын саны көбөйгөнүн маалымдады.

“Жаңы конуштарда үйлөр курулуп электр энергиясын тартуу, трансформатор орнотуу сыяктуу иштер көбөйдү. Өлкөдө ишканалар ишке кирип, завод-фабрикалар ачылууда. Мисалы, былтыр 31-августка 100 объект ишке берилсе, быйылкы жылга дагы 100дөн ашык объектини ачуу пландалууда. Эсептеп көрсөк, бир мектеп жок дегенде 60 кВт сааттан электр энергиясын ала турган болсо, азыр өлкөдө 100дөн ашык мектептер андан башка тигүү цехтери, ресторан, кафелер салынып жатат. Ошонун баары экономикабыздын өсүшүн аныктап, электр энергиясы улам көбүрөөк талап кылынууда. Азыркы учурда электр энергиясы бизге жетет бирок, үнөмдүү колдонушубуз керек”,- деди ал.

Быйылкы Токтогул ГЭСинде суунун көлөмү былтыркы жылга салыштырмалуу 700 – 800 млн кубга аз экенин белгилеген министр, алдыдагы бир айдын ичинде былтыркыдай көлөмдө суу келбешин кошумчалады.