Кышка даярдык: Таш-Көмүр ГЭСинде масштабдуу оңдоо иштери жүрүүдө

Экономика 20 май 2026 14:20
image-20-05-26-12-37.jpeg
image-20-05-26-12-37-1.jpeg
image-20-05-26-12-37-2.jpeg
image-20-05-26-12-37-3.jpeg
image-20-05-26-12-37-4.jpeg
image-20-05-26-12-37-5.jpeg
image-20-05-26-12-37-6.jpeg
image-20-05-26-12-37-7.jpeg
image-20-05-26-12-37-8.jpeg
Алдыга
Артка
image-20-05-26-12-37.jpeg
image-20-05-26-12-37-1.jpeg
image-20-05-26-12-37-2.jpeg
image-20-05-26-12-37-3.jpeg
image-20-05-26-12-37-4.jpeg
image-20-05-26-12-37-5.jpeg
image-20-05-26-12-37-6.jpeg
image-20-05-26-12-37-7.jpeg
image-20-05-26-12-37-8.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 20.05.26. /Кабар/. 2026–2027-жылдардагы күз-кыш мезгилине сапаттуу даярдануунун алкагында Таш-Көмүр ГЭСинде пландык оңдоо жана профилактикалык иштер аткарылууда.

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, негизги максат алдыдагы кыш айларында калкты сапаттуу жана туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылуу болуп саналат.

"Учурда ГЭСтин адистери тарабынан станциянын коопсуздугун арттыруу максатында техникалык жумуштар аткарылып жатат. Иштер атайын бекитилген график менен жүрүүдө жана ушул жылдын ноябрь айына чейин толук аяктайт", — деп айтылат маалыматта.

Таш-Көмүр ГЭСи Кыргызстандын энергетика системасындагы стратегиялык маанилүү ири гидроэлектростанциялардын бири. Станциянын жалпы орнотулган кубаттуулугу 450 МВтты түзөт. ГЭСтеги үч гидроагрегат тең СССР маалында, тагырагы, 1985, 1986 жана 1987-жылдары этап-этабы менен ишке киргизилген.