Бишкек, 29.01.25. /Кабар/. Мурда азыркыдай телефон, интернет жок кезде кыргыздар айга, күнгө карап, кандай аба ырайы болорун алдын ала божомолдой алышкан. Азыр да эл арасында ай календарына карап, иштерин пландагандар жок эмес. Бул ирет биз кыш чилде тууралуу эл оозунда айтылган маалыматтар менен бөлүшөбүз.
Кычыраган кыш чилде 8-январда түшкөн. 40 күнгө созулган чилде 18-февралда чыгат.
Эл ичинде чилде маалындагы күндөр бөлүштүрүлүп, аларга атайын аталыш берилген.
- "Кырдач" алты күнгө созулат. Бул күн 13-январда аяктаган.
- "Адынын алты уулу" алты күнгө созулуп, 19-январда аяктады. Бул күн кыш чилденин эң суук күнү катары белгилүү. Орус элинде бул күндү "Крещенские морозы" деп белгилеп, майрамдашат.
- "Жетинин жети уулу" деген 7 күндүк суук бар. Ал 26-январда жыйынтыкталды.
- "Каңтар" деген күн 27-январга туура келген бир күндүк суук. "Каңтар" сөзү сууктун теңи бүттү, суук каңтарылды деген маанини билдирет. Казактар январь айын "каңтар" деп аташат.
Күн мурун, 28-январда "үт" келди. Бул 15 күнгө чейин созулуп, 11-февралда кайтат. Бул убакыт аралыгында кар көп жаайт. Эл ичинде кар мол болсо "үт келди", аз жааса "жут келди" деп коюшкан. Буга байланыштуу кыргыз элинде "жакшылыгын алса үт, жамандыгын алса жут" деген макал дагы колдонулган.
Кыш чилденин эң акыркы жан-жөөкөрү "апкыт-сапкыт алты күн" деп аталат. Бул убакыт 12-февралдан 17-февралга чейин туура келет.
Ошентип 18-февралда кырк күнгө созулган кыш чилде бардык аймакта бүтөт.
40 күнгө созулган кыш чилде ичинен "темир аяз", "мүйүз аяз" жана "кийиз аяз" деп бөлүнөт.
- "Темир аяз" мезгили 8-январдан 18-февралга чейин болот.
- 19-27-февраль аралыгындагы убакыт "мүйүз аяз" деп аталат.
- "Кийиз аяз" күндөрү 28-февралдан 13-мартка чейин созулат.