Январда Кыргызстанга 220 млн доллардан ашык акча которулду

Экономика Загрузка... 17 Март 2026 10:05
fb3fad9e-107b-4e66-b0e0-d67488bcd23f.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 17.03.26. /Кабар/. 2026-жылдын январь айында Кыргызстанга кирген акча которуулардын жалпы көлөмү 220,3 млн долларды түзгөн. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Маалыматка ылайык, негизги агым КМШ өлкөлөрүнөн келип, анын көлөмү 205,7 млн долларды түзгөн. Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн келген которуулар 14,6 млн доллар болгон.

Ошол эле учурда 2026-жылдын январь айынын аягына карата Кыргызстандан чыккан акча которуулардын көлөмү 17,7 млн долларды түздү. Анын 16,3 млн доллары КМШ өлкөлөрүнө, 1,4 млн доллары алыскы чет өлкөлөргө жөнөтүлгөн.