Бишкек, 11.02.26 /Кабар/. Жогорку технологиялар паркынын резиденттери 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча ишенимдүү өсүштү көрсөтүштү.
Жогорку технологиялар паркынан билдиргендей, компаниялардын жалпы кирешеси 17,1 млрд сомду түздү, бул 2024-жылга салыштырмалуу 50 пайызга көп. Өсүштүн жогорку темпи Кыргызстандын IT-экосистемасынын туруктуу өнүгүүсүн жана бул тармактын өлкө экономикасындагы ролу күчөп жатканын тастыктайт.
Аталган мекеменин резиденттеринин экспорту 2025-жылы 16,3 млрд сомду түзүп, бул жалпы кирешенин 95,3 пайызын түзөт. Салыштырмалуу, 2024-жылы экспорт 10,67 млрд сомго жетип, жалпы кирешенин 93,57пайызын түзгөн.
Ошентип, экспорттун көлөмү 52,8 пайызга өсүп, анын киреше структурасындагы үлүшү дээрлик 2 пайызга жогорулады. Экспорттун географиясы да кеңейди: эгерде 2024-жылы ЖТП компаниялары 64 өлкө менен иштешсе, 2025-жылы дүйнөнүн 70 өлкөсү менен кызматташты.
2025-жылдын аягына карата ЖТПда 463 резидент-компания катталган. Түзүлгөн жумуш орундарынын саны 3 миңге жетип, бул IT-сектордун андан ары кеңейүүсүн жана квалификациялуу кадрларга болгон суроо-талаптын өсүшүн чагылдырат.
2025-жылы ЖТПнын резиденттери бюджетке төмөнкү төлөмдөрдү которушту:
- камсыздандыруу төгүмдөрү — 142 млн сом;
- киреше салыгы — 284 млн сом.
Салык жана социалдык төлөмдөрдүн жалпы көлөмү 426 млн сом болгон. Алэми бюджетке чегерүүлөрдүн жалпы өсүшү дээрлик 40 пайызды түзүп, бул IT-индустриясынын Кыргызстандын экономикасына кошуп жаткан салымынын өсүп жатканын далилдейт.
2025-жыл Жогорку технологиялар паркы үчүн масштабдуу өсүш жылы болду:
- кирешенин 50%га өсүшү;
- экспорттун 52%га өсүшү;
- географиянын 70 өлкөгө чейин кеңейиши;
- салык жана социалдык төлөмдөрдүн дээрлик 40%га өсүшү;
- экспорттун үлүшү 95,3%га жетти.
Бул көрсөткүчтөр ЖТП өлкө экономикасынын негизги экспорттук жана технологиялык драйверлеринин бири катары позициясын бекемдеп жатканын тастыктайт.