Кыргызстандын эл аралык резерви 9 млрд доллардан ашты

Экономика Загрузка... 28 Апрель 2026 11:45
1.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 28.04.26 /Кабар/. Улуттук банктын эл аралык резервдеринин көлөмү 9 миллиард доллардан ашты. Бул тууралуу маалымат жыйынында Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков билдирди.

Анын айтымында, 22-апрелге карата резервдер жыл башынан бери 4,7 пайызга же 404,4 млн долларга көбөйгөн, бул алардын жогорку деңгээлде сакталып жатканын айгинелейт.

Козубеков белгилегендей, Улуттук банк тарабынан көрүлүп жаткан чаралар Кыргызстандын экономикасына таасирин тийгизип жаткан тышкы экономикалык шарттарды эске алуу менен өлкөдөгү баалардын кескин өсүшүн ооздуктоого багытталган.