Кыргызстандын экономикасы тууралуу өлкөдөгү абалды өзүнүн жеке түшүнүгү жана субъективдүү көз карашынын негизинде баалагандар арасында көп талаш-тартыштар болуп келет. Социалдык тармактардагы мындай талкуулар кээде кызыктуу болгону менен көп учурда субъективдүү мүнөзгө ээ. Ошондуктан экономиканын абалын кесипкөй эксперттердин пикирине жана объективдүү көрсөткүчтөргө таянып баалоо маанилүү.
Бул багыттан алганда, дүйнөдөгү ири рейтинг агенттиктеринин бири болгон Moody’s жакында жарыялаган көрсөткүчтөргө көңүл буруу зарыл. Анда Кыргызстандын өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрү белгиленип, өлкө экономикасынын учурдагы абалына баа берилген.
Moody’s агенттиги Кыргызстандын туруктуу өсүштү көрсөтүп, экономиканы активдүү диверсификациялап жатканын белгилеген. Ошондой эле жан башына эсептелген ички дүң өнүмдүн көлөмү өсүп, инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган инвестициялар кыйла көбөйгөнү жана мамлекеттик каржынын абалы жакшырганы белгиленген. Мындан тышкары, мамлекеттик карыздын ички дүң өнүмгө карата катышы төмөндөгөн. Ушул көрсөткүчтөрдүн негизинде агенттик Кыргызстандын насыялык рейтингин B3 деңгээлинен B2 деңгээлине жогорулатып, болжолун “туруктуу” деп баалаган.
Мындай баа Кыргызстандын эл аралык каржы рынокторундагы позициясын бекемдеп, инвесторлордун өлкөгө болгон ишенимин жогорулатууга өбөлгө түзөт. Ошону менен катар узак мөөнөттүү каржылоону кыйла ыңгайлуу шарттарда тартуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет.
Президенттин администрациясынан билдиришкендей, жогорку суверендүү рейтинг кыргызстандык банктар менен компанияларга эл аралык капитал рынокторуна чыгууга, эл аралык насыялык рейтингден өтүүгө жана еврооблигациялар сыяктуу башка финансылык инструменттер аркылуу каржылоону тартууга кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.

Экономисттер насыялык рейтингдин жакшырышын Кыргызстандагы оң өзгөрүүлөрдү объективдүү чагылдырган көрсөткүч катары белгилешет.
Экономика илимдеринин доктору Төлөнбек Абдыров “Кабар” агенттигине берген комментарийинде эл аралык эксперттердин баасы эл аралык капитал үчүн багыт катары кызмат кылган маанилүү көрсөткүчтөрдү камтый турганына көңүл бурду.
“Айрыкча Moody’s агенттиги экономикалык өсүштүн жогорку темптерин гана эмес, карыздык жүктөмдүн төмөндөшүн жана мамлекеттик каржынын бекемделишин да белгилегени маанилүү. Албетте, муну токтоолук менен кабыл алышыбыз керек, B2 эң жогорку көрсөткүч эмес. Бирок, бизде алдыга умтулууга мүмкүнчүлүк бар, дагы бир катар баскычтарды басып өтүшүбүз керек. Негизги жагдай – Кыргызстандын экономикасындагы оң өзгөрүүлөрдү эч ким четке какпайт.
Биринчиден, эми биз тышкы карыздарды кыйла арзан шарттарда тартууга мүмкүнчүлүк алабыз жана бул – эң негизги натыйжа. Эл аралык инвестор үчүн суверендүү кредиттик рейтинг капитал рыногундагы негизги багыттардын бири болуп саналат. Эгер тобокелдик төмөн деп бааланса, инвестор теориялык жактан каражатты аз үстөк пайыз менен берүүгө даяр болот.
Экинчиден, бул мамлекет үчүн гана эмес, биздин банктар жана ири соода компаниялары үчүн да маанилүү. Эмне үчүн? Суверендүү рейтинг көп учурда корпоративдик тобокелдикти баалоодо маанилүү көрсөткүч болуп саналат. Демек, биздин каржы мекемелерибиз менен бизнеске ар кандай облигацияларга, түрдүү насыяларга жана каржылоонун башка булактарына жетүү жеңилдейт.
Үчүнчүдөн, бул инвестор үчүн түз берилген белги. Чет элдик компания завод, электр станциясын же логистикалык объектти курууну карап жатканда долбоордон түшө турган кирешени гана эмес, өлкөдөгү тобокелдикти да эсептейт. Рейтингдин жогорулашы инвесторго мамлекет туруктуу экенин, макроэкономикалык жана бюджеттик абал мурдагыга караганда жакшырганын билдирет. Биз Moody’s агенттиги рейтингди жөн жерден эмес, белгилүү бир динамика бар болгондуктан жогорулатканын түшүнүшүбүз керек”, – деп белгиледи Абдыров.
Фактылар – талашсыз далил. Ал эми сандар менен эсептөөлөр Кыргызстанда тышкы карыздын ИДПга карата катышы 2020-жылдан бери 70 пайыздан 34 пайыздан төмөн деңгээлге чейин кыскарганын көрсөтүүдө. Бул республиканын тышкы карыздарды өз убагында жана туруктуу тейлөөгө жетиштүү финансылык мүмкүнчүлүгү бар экенин билдирет. Ошол эле учурда экономиканы өнүктүрүүгө багытталган насыялар экономикалык өсүштү камсыз кылып, киреше алып келүүдө. Карыздык жүктөмдүн бюджетке болгон басымынын эки эсеге төмөндөшү учурда өнүктүрүүгө багытталып жаткан олуттуу ресурстарды бошотту. Мамлекет башчысы Садыр Жапаров жаңы Кыргызстан келечекке ишенимдүү карай турганын билдирген. Бул тууралуу ал “Бишкек-Арена” стадионунун ачылыш аземинде айтып өткөн.

“Алты жыл ичинде Кыргызстанда мектептер, бала бакчалар, ооруканалар, маданият мекемелери жана башка социалдык объектилерди кошкондо 1 миң 75 объект курулду. 521 завод жана фабрика ишке киргизилди.
Кыргызстан мындан ары да алдыга карай өнүгөт, экономикабыз өсөт, биз токтоп калбайбыз. Эң негизгиси – тынчтык жана биримдик”, – деп баса белгиледи Садыр Жапаров.
Кеп Moody’s же башка рейтинг агенттиктери берген бааларда гана эмес. Акыркы жылдары Кыргызстан өнүгүүнүн темпи боюнча туруктуу түрдө алдыңкы орундарды ээлеп, ички дүң өнүмдүн жылдык өсүшү 10 пайыздын тегерегинде болуп, олуттуу көрсөткүчтөрдү көрсөтүп келет.
Өлкөдө болуп жаткан өзгөрүүлөр даана байкалууда, калктын жашоо деңгээли акырындык менен жогорулап, инфраструктура жана социалдык чөйрө өнүгүүдө. Эксперттик коомчулук Кыргызстан туруктуу өсүш жолуна түшкөн деген бир пикирге келет. Экономиканын азыркы абалы жана байкалып жаткан тенденциялар мындан ары да узак мөөнөттүү жана туруктуу өсүш жөнүндө айтууга негиз берет.