Максым менен бал Ташкентте: Кыргыз даамдары коңшуларды тамшантты

Экономика 26 Май 2026 11:10
705259069_18093855959343965_3379357637738432431_n.jpg
704970416_18093855947343965_3937292384092438286_n.jpg
706704814_18093855941343965_7710942481973085719_n.jpg
Алдыга
Артка
705259069_18093855959343965_3379357637738432431_n.jpg
704970416_18093855947343965_3937292384092438286_n.jpg
706704814_18093855941343965_7710942481973085719_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Экономика министрлиги

Бишкек, 26.05.26. /Кабар/. Ташкент шаарында маданий салттардын жана улуттук тамак-аштардын XXII эл аралык кайрымдуулук фестивалы өттү.

Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, иш-чаранын алкагында Кыргызстандын Өзбекстандагы Соода өкүлчүлүгү улуттук павильонду уюштурду. Ошондой эле "Алайку Органикс", "Абдыш-Ата" жана "Медовая артель" сыяктуу ата мекендик алдыңкы өндүрүүчүлөрдү тартууда жигердүү көмөк көрсөттү.

"Кыргыз бренддеринин продукциялары, улуттук тамак-аштар жана элдик кол өнөрчүлүк буюмдары чет элдик дипломаттардын жана иш-чаранын конокторунун арасында чоң суроо-талапка ээ болду. Фестивалга катышуу Кыргызстандын экспорттук дараметин көрсөтүүгө гана эмес, гуманитардык байланыштарды чыңдоого да өбөлгө түздү", — деп айтылат маалыматта.

Иш-чара кайрымдуулук мүнөзүндө өттү. Сатуудан түшкөн бардык каражаттар онкологиялык оорулардан жабыркаган жана майыптыгы бар балдарга колдоо көрсөтүүгө жана жардам берүүгө багытталат.