Кыргызстандын бокс боюнча курамасы эл аралык мелдеште 9 медаль жеңди

Спорт 1437 10 Февраль 2025 10:50
476727706_18345693628196946_7600472279861535675_n.jpg
476850059_18345693619196946_6631774228126119805_n.jpg
476794156_18345693610196946_4900468762401540841_n.jpg
476749561_18345693598196946_4274375879570047912_n.jpg
476843493_18345693586196946_3196315202771744828_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Дене тарбия жана спорт департаментинин басма сөз кызматы

Бишкек, 10.02.25. / Кабар/. Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү “Belgrade Winner” эл аралык мелдешинде 9 медаль (1 алтын, 2 күмүш, 6 коло) жеңди.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдеш Сербиянын Белград шаарында өттү.

Алсак, 54 кг чейинки салмакта катышкан Зафарбек Камалов алтын медалга, Элдар Турдубаев (71 кг) жана Бекзат Ысабек уулу (57 кг) күмүш медалга ээ болушту.

Ал эми Бекзат Эргешов (51 кг), Тургунбек Иманкадыров (57 кг), Баяман Азизбек уулу (60 кг), Оомат Белекбаев (63.5 кг), Сыргак Абдыжапар уулу (71 кг) жана Сагын Сатыбалды уулу (80 кг) коло медалга татыды.

Эске салсак, улуттук курама команда машыктыруучулар Улан Сагынбаев жана Темирлан Осмоновдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.