Кыргызстандагы экономикалык өсүш түрк ишкерлеринин кызыгуусун арттырууда

Экономика Загрузка... 13 Май 2026 15:15
686603233_180925156.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Экономика жана коммерция министрлиги

Бишкек, 13.05.26. /Кабар/. Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков түркиялык RHOFA Energy компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Хазрети Акдемир менен жолугушту.

Ведомстводон билдиришкендей, тараптар кыргыз-түрк соода-экономикалык кызматташтыгын кеңейтүү жана жашыл энергетика тармагындагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү талкуулашты.

Бакыт Сыдыков акыркы төрт жылда Кыргызстандын ИДПсынын орточо өсүшү 10,2% түзгөнүн белгилеп, өлкө жашыл энергетиканы өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп жатканын айтты. Министр Кыргызстан RHOFA Energy компаниясынын инвестициялык долбоорлорун колдоого даяр экенин билдирди.

Өз кезегинде Хазрети Акдемир Кыргызстандагы экономикалык өсүш түрк бизнесинин кызыгуусун арттырып жатканын белгилеп, 100дөн ашуун түрк ишкерлеринин Кыргызстанга сапарын уюштурууга көмөктөшүүгө даяр экенин айтты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар ишкердик байланыштарды активдештирүү жана эки өлкөнүн соода-экономикалык алакаларын чыңдоо боюнча макулдашты.