Кыргызстандагы декларациялык кампания – актуалдуу суроолорго жооп

Экономика Загрузка... 27 Январь 2025 13:38
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 27.01.25. /Кабар/. Кыргызстанда 2025-жылдын 1-январынан тарта 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу өнөктүгү башталды.

Мамлекеттик салык кызматы декларация тапшыруу боюнча актуалдуу суроолорго жооп берди.

Кыргызстанда кимдер бирдиктүү салык декларациясын тапшырууга милдеттүү жана кайсы убакка чейин?

а) уюмдар;

б) жеке ишкер;

в) үй жанындагы жана бак-чарба тилкесин кошпогондо, салыктык милдеттенме пайда болгон менчигинде мүлкү бар жеке жак;

г) мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер;

д) аткаруу-тескөөчү иш-милдеттерге байланышпаган, илимий-изилдөө, чыгармачыл, окутуучулук, дарылоо-ден соолукту чыңдоочу жана калкты тейлөө боюнча башка ишти жүзөгө ашырып жаткан мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын карамагында турган мекемеде, ишканада же уюмда иштеген жеке жактар;

е) мамлекеттик органда, мамлекеттик же муниципалдык ишканада же мекемеде, ошондой эле мамлекеттик үлүшү бар уюмда иштеген, мамлекеттик же муниципалдык кызматчы болуп саналбаган жеке жактар;

ж) эл аралык уюмдарда иштегени үчүн киреше алган, Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган, убактылуу жашап туруу укугу же кайрылман статусу бар жеке жактар;

з) календардык жылдын ичинде менчик укугун же мүлккө башка укукту сатып алууга эсептик көрсөткүчтүн 3000 эселенген өлчөмүнөн ашык суммага бир жолу чыгым тарткан жеке жактар;

и) 2025-жылдын 1-январынан тарта 2024-жылдын жыйынтыгы менен - салык салынуучу киреше алган жеке жак.

Тапшыруу мөөнөтү:

  • уюм тарабынан - отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-апрелине чейин;
  • мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер - отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-апрелине чейин;
  • жеке ишкер тарабынан - отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-майына чейин;
  • жеке жак тарабынан - отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-майына чейин.

Жарандардын кайсы категориясы декларациясы тапшырбайт?

КРнын салык кодексине ылайык, декларация тапшырууга милдеттүү болбогон жеке жактар:

  • чарбалык жана бакча участокторун кошпогондо, салык салынуучу мүлкү жок жеке жак;
  • салык салынбаган киреше алган жеке жак.
  • киреше албаган жеке жак ж.б.

Декларация тапшыруунун кандай ыкмалары бар?

Юридикалык жактар, жеке ишкерлер жана мамлекеттик кызматкерлер декларацияны электрондук документ түрүндө тапшырат.

Жеке жактар декларацияны төмөнкүдөй тапшырууга укуктуу:

1) салык кызматына барып;

2) почта аркылуу (салык кызматына жеткизилди деген дүмүрчөгү болууга милдеттүү);

3) ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасы же КР мыйзамдарына ылайык башка маалыматтык системалар аркылуу электрондук документ түрүндө.

Декларация тапшырбаса же кечиксе кандай санкциялар колдонулат?

КР Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык (учурдагы редакция) бирдиктүү салык декларациясын белгиленген мөөнөттө тапшырбоо эскертүүгө же жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом өлчөмүндө айып салууга алып келет.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер - декларацияларды берүүнүн мөөнөттөрүн бузгандыгы жана/же бербегендиги үчүн материалдар КР мыйзамдарында каралган чараларды көрүү үчүн Башкы прокуратурасына жиберилет.

  • Чет өлкөдө жашаган жарандар дагы декларация тапшыруусу керекпи?

Чет өлкөдө жашаган жеке жактар төмөнкү учурларда декларация берүүгө милдеттүү:

  • короо-жай жана бак-чарба участокторун кошпогондо КР аймагында салык салынуучу мүлккө ээлик кылган жеке жак;
  • салык салынуучу киреше алган жеке жак.