Бишкек, 28.05.26. /Кабар/. Соода-өнөр жай палатасы ата мекендик өндүрүшчүлөрдүн "Кыргызстанда жасалган" улуттук брендин илгерилетүү механизмин бекитти. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Маалыматка ылайык, палатанын кезектеги отурумунун жүрүшүндө ата мекендик продукцияны колдоо максатында төмөнкүдөй маанилүү документтер каралып жана бекитилди:
- "Кыргызстанда жасалган" товардык белгисин пайдалануу укугун берүүгө арыздарды кароо боюнча жумушчу комиссия жөнүндө жобо;
- аталган товардык белгини колдонуу укугун берүүнүн атайын критерийлери жана аны колдонуу тартиби;
- өтүнмөлөрдү кароо жана товардык белгини пайдаланууга укук берүү үчүн КР Соода-өнөр жай палатасынын тарифтери.
Палатанын президенти Темир Сариев белгилегендей, Соода-өнөр жай палатасы "Кыргызстанда жасалган" товардык белгисин колдонууга расмий укук бере турган өлкөдөгү жападан жалгыз уюм болуп саналат.
"Бул товардык белги расмий түрдө патенттелген. Анын логотибинде Кыргызстандын негизги улуттук символдорунун бири – ак илбирс камтылган. Ал ата мекендик продукциянын күчүн, көз карандысыздыгын, жогорку сапатын жана улуттук өзгөчөлүгүн чагылдырат", - деди Сариев.
Ошондой эле ал бизнес өкүлдөрү үчүн жеткиликтүү жана ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында брендди колдонуу боюнча тарифтик саясат абдан ийкемдүү форматта иштелип чыкканын кошумчалады.