Кыргызстанда техникалык окуу жайлардын альянсы түзүлдү

Коом 31 январь 2025 21:50
455745480_2794674877379778_6888817123614885289_n.jpg
1.jpg
474873968_1042887224551688_1382036744561757658_n.jpg
475461746_1042887281218349_6039174822679861093_n.jpg
475508296_1042887421218335_6727344747090672140_n.jpg
475754539_1042887264551684_1771256627909881597_n.jpg
475760509_1042887237885020_3756709758620164976_n.jpg
Алдыга
Артка
455745480_2794674877379778_6888817123614885289_n.jpg
1.jpg
474873968_1042887224551688_1382036744561757658_n.jpg
475461746_1042887281218349_6039174822679861093_n.jpg
475508296_1042887421218335_6727344747090672140_n.jpg
475754539_1042887264551684_1771256627909881597_n.jpg
475760509_1042887237885020_3756709758620164976_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 31.01.25. /Кабар/. Бүгүн Билим берүү жана илим министрлигинде техникалык окуу жайлардын альянсы жөнүндө келишимге кол коюлду.

Ведомстводон маалымдашкандай, анын негизги максаты билим, тажрыйба жана ресурстарды алмашуу аркылуу техникалык билим берүүнүн сапатын жогорулатуу болуп саналат.

Министрдин орун басары Расул Абазбек уулу ар түрдүү чакырыктар, тобокелчиликтер билим берүү системасынын алдында турганына карабастан акыркы үч жылдан бери окуу жайларга автономияны берүү боюнча аракеттердин аркасында өзгөчө статусту алган университеттердин саны 11ге жеткенин билдирди.

Альянстын курамына 7 техникалык окуу жай кирди:

- И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети;
- И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту;
- М. Адышев атындагы Ош технологиялык университети;
- К. Көлбаев атындагы Бишкек автомобил-жол колледжи;
- Бишкектеги курулуштагы архитектура жана менеджмент колледжи;
- М.Т. Ибрагимов атындагы Токмок индустриялык-педагогикалык колледжи.

Макулдашуу окутуунун кош формасын пайдалануу менен окуу жайлардын базасында өндүрүштүк базаны өнүктүрүүнү да камтыйт. Бул студенттерге теориялык даярдыкты өнөр жайдын чыныгы муктаждыктарына багытталган практикалык иш менен айкалыштырууга мүмкүндүк берет.

Альянстын координатору болуп И. Раззаков атындагы КМТУ дайындалды, ал координатор катары билим берүү программаларын уюштуруу, илимий жана инновациялык долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле бизнес жана өнөр жай өнөктөштөрүн тартуу үчүн жооптуу болот.

Келишим бардык тараптар тарабынан кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет.