Сугат жерлердин жалпы аянты 1 млн гектардан ашты

Экономика Загрузка... 27 Февраль 2026 17:20
WhatsApp Image 2026-01-21 at 16.26.52 (1).jpeg
copyright icon Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 27.02.26. /Кабар/. Кыргызстанда сугат жерлердин жалпы аянты 1 млн 23 миң гектарга жетти. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков республикалык кеңешмеде айтты.

Министрдин маалыматы боюнча, 2025-жылы 4 455 гектар жаңы сугат жер пайдаланууга берилди. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 22 эсе жогору көрсөткүч. Натыйжада өлкөдөгү сугат жерлердин жалпы аянты 1 млн 23 миң гектарга жетти. Ошондой эле тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу тутуму кошумча 3 338 гектарга жайылтылды.

"Тармакка бюджеттен 1,7 млрд сом бөлүнүп, 161 даана атайын техника сатылып алынган. Жыл ичинде 562 км канал, 91 насостук станция жана 608 гидротехникалык курулма оңдоодон өттү.

Өткөн жылы таза суу тармагына 3,7 млрд сом жумшалып, 40 айылга суу жеткирилди. Муну менен 75 миңден ашуун жаран таза суу алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду", - деди ал.

Белгилей кетсек, бүгүн "Ынтымак Ордодо" президент Садыр Жапаровдун катышуусунда 2025-жылдын жыйынтыгын чыгарган республикалык кеңешме өттү.