Бишкек, 21.09.26. /Кабар/. Кыргызстанда социалдык коргоо тутумунун мекемелерин куруу жана капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, Кара-Кулжа райондук башкармалыгынын жаңы имаратын курууга президенттин фондунан 114 млн сом бөлүнгөн. Ошондой эле Чоң-Алай жана Ноокат райондорундагы башкармалыктар үчүн жаңы имараттарды куруу пландалууда.
Мындан тышкары, Беловодск балдар психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинин жаңы имаратына 138,4 млн сом, Жайыл районундагы мекемени капиталдык оңдоого 54,8 млн сом, Ак-Суу мекемесин оңдоого 36 млн сом багытталган.
Министрлик бул иштер социалдык кызмат алуучулар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзүүгө, ошондой эле кызматкерлердин эмгек шарттарын жакшыртууга багытталганын белгиледи.