Бишкек, 10.02.26. /Кабар/. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча, бардык каржылоо булактарынын эсебинен негизги капиталга жумшалган инвестициянын көлөмү 374,6 млрд сомду түздү. Бул тууралуу экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Чоро Сейитов коллегияда билдирди.
Анын айтымында, бул 2024-жылга салыштырмалуу 18,4 пайызга көп (2024-жылы өсүш 36,3 пайызды түзгөн).
Белгиленгендей, инвестициянын көлөмүнүн өсүшү ички каржылоо булактарынын 9 пайызга, ал эми тышкы булактардын 1,8 эсеге көбөйүшү менен камсыздалган. Ошону менен бирге, республикалык бюджеттен негизги капиталга жумшалган инвестициянын көлөмү 42,7 пайызга өсүп, 90,3 млрд сомго жетти.
Инвестициялардын негизги бөлүгү (жалпы көлөмдүн 85 пайызга жакыны) төмөнкү тармактарга багытталган:
- Унаа объекттерин жана кампаларды куруу;
- Пайдалуу кендерди казуу;
- Электр энергиясы, газ жана буу менен камсыздоо;
- Кайра иштетүү өнөр жайы;
- Билим берүү мекемелери;
- Турак жай курулушу.
Министрликтин маалыматы боюнча, 2025-жылы курулуштун дүң продукциясы 438,5 млрд сомду түзүп, 2024-жылга салыштырмалуу 21,1пайызга өскөн (2024-жылы өсүш 28,7 пайыз болгон). Курулуш секторунун ИДПнын калыптанышына кошкон оң салымы 1,62 пайыздык пункт деңгээлинде бааланууда, ал эми тармактын ИДПнын структурасындагы салыштырма салмагы 8,7 пайызды түздү.
Чоро Сейитовдун айтымында, инвестициялардын динамикасы жана курулуштун өсүшү экономиканын жандануусун чагылдырат, ошондой эле өлкөнүн инфраструктурасын андан ары өнүктүрүү жана өндүрүштүк потенциалын жогорулатуу үчүн негиз түзөт.