Кыргызстанда мөңгүлөрдүн аянты 16% кыскарды

Президент Загрузка... 22 Апрель 2026 15:55
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек. 22.04.26 /Кабар/. 2100-жылга чейин Кыргызстан мөңгүлөрүнүн 80 пайызына чейин жоготушу мүмкүн. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-апрелде Астана шаарында өтүп жаткан Регионалдык экологиялык саммиттин пленардык жыйынында билдирди.

Мамлекет башчысы белгилегендей, өлкө климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин өтө оор деңгээлде сезип жатат.

677796114_1534.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
"Кыргызстанда мөңгүлөрдүн аянты 16 пайызга кыскарды. 2100-жылга чейин Кыргызстан мөңгүлөрүнүн 80 пайызына чейин жоготушу мүмкүн. Мөңгүлүү бийик тоолуу көлдөрдүн саны 1968-жылдан бери 30 пайызга өстү. Ысык-Көлдүн деңгээли акыркы он жылдыктарда дээрлик 1 метрге төмөндөдү. Көлгө куйган дарыялардын саны жүздөн ашыктан отузга чейин кыскарды. 2020-жылдан бери өзгөчө кырдаалдардын, анын ичинде сел жана суу ташкындарынын саны 3 эсеге өстү. Жылдык түз материалдык чыгым болжол менен 16 млн АКШ долларын түзөт", — деди президент.