Бишкек, 17.09.26. /Кабар/. Кыргызстанда медициналык кызматтар санариптештирилүүдө.
Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, министрдин орун басары Нурбек Букуев Бишкектеги үй-бүлөлүк медицина борборлорундагы санариптештирүү боюнча иштердин жүрүшүн жеринен текшерүүдө.
Бүгүнкү күндө "Өкмөттүк акселераторлор" программасынын алкагында медициналык кызматтарды санариптештирүү иштери жүргүзүлүп жатат. Бул иштер бюрократияны азайтуу, кагаз документтердин жүгүртүлүшүн кыскартуу жана жарандар үчүн кызматтарды алууну жеңилдетүү максатын көздөйт:
- 083/у — айдоочулук күбөлүк алуу үчүн медициналык маалымкат;
- ВВК — аскердик-медициналык комиссия;
- 095/у жана 026/у — балдар жана окуучулар үчүн медициналык документтер;
- Электрондук санитардык китепче.
Эгер керектүү маалымат мамлекеттик маалыматтык системаларда бар болсо, жаран аны кайрадан кагаз түрүндө чогултуп, тапшырууга муктаж болбойт. "Sanarip Clinic" медициналык маалыматтарды түзүү жана иштетүүнү камсыз кылса, "Түндүк" аркылуу жарандар санариптик мамлекеттик кызматтарга жеткиликтүүлүк алышат.
"Бул иштер жарандардын убактысын үнөмдөөгө, ашыкча кагаз иштерин жана административдик жүктү азайтууга багытталган. Саламаттык сактоо системасын санариптештирүү — ыңгайлуу, тез жана заманбап кызмат көрсөтүүгө карай маанилүү кадам", — деп белгилешти министрликтен.