Адам өмүрүн сактагандар: “Куткаруучулар” тасмасы тартылууда

Маданият 188 19 Август 2026 11:35
2239222_tbBFHqE.d27.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon www

Бишкек, 19.08.26. /Кабар/. Кыргызстанда “Куткаруучулар” тасмасы тартылууда. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, тасма Кинематография департаментинин жана “Кыргызсериал” мамлекеттик мекемесинин колдоосу менен Cheber Production киностудиясы тарабынан тартылып жатат.

Анда куткаруучулардын күнүмдүк кесиптик ишмердүүлүгү, жоопкерчилиги, кайраттуулугу жана адам өмүрүн сактап калуу жолундагы татаал эмгеги баяндалат.

Долбоор ата мекендик кино өндүрүшүн өнүктүрүү менен бирге коом үчүн маанилүү темаларды көркөм тасма аркылуу чагылдыруу, куткаруучулардын кесибинин маанисин коомчулукка жеткирүү жана алардын эмгегине болгон сый-урматты арттыруу максатын көздөйт.

Тасма Кыргызстандын ар кайсы аймактарында тартылат.