Бишкек, 22.10.26. /Кабар/. Кыргызстанда 22-октябрдан тартып калкка сатылуучу көмүрдүн баасына 90 күнгө мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрук Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан 21-октябрда чыгарылган.
"Көмүрдүн чекене баасы ар бир облус, Бишкек жана Ош шаарлары үчүн өзүнчө белгиленет. Рыноктогу кырдаалга жараша жөнгө салуу мөөнөтү узартылышы мүмкүн. Белгиленген баадан жогору саткан жеке жактарга 3 миң сом, юридикалык жактарга 13 миң сом айып салынат", - деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, көмүр сатылган жайларда таразалардын текшерүүдөн өткөнү жана баалар көрсөтүлгөн баа белгилеринин болушу көзөмөлдөнөт.
Белгиленгендей, бул чаралар жылытуу мезгилинде көмүрдүн баасынын негизсиз өсүшүнө жол бербөөгө жана калкты жеткиликтүү отун менен камсыз кылууга багытталган.