Кыргызстанда калктын акчалай кирешеси өстү – статистика

Экономика 163 18 Август 2026 17:15
1050869586_0_0_3068_y29Bqzc.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 18.08.26. /Кабар/. Кыргызстанда 2026-жылдын биринчи кварталында калктын реалдуу акчалай кирешелеринин өсүшү байкалды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, январь-март айларында калктын номиналдык акчалай кирешеси 269,2 млрд сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 18,7% көбөйгөн.

Ал эми керектөө бааларынын индексин эске алуу менен эсептелген реалдуу акчалай кирешелер 244,5 млрд сомго жетип, бир жыл ичинде 7,8% өскөн.

Мындан тышкары, милдеттүү төлөмдөр жана төгүмдөр алынгандан кийинки жан башына эсептелген колдо болгон акчалай киреше айына орточо 12 миң 726,2 сомду түздү. Бул көрсөткүч өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 16,4% жогору.

2026-жылдын январь-март айларында калктын жалпы кирешесинин негизги бөлүгүн эмгек ишмердигинен түшкөн кирешелер түзүп, 212 млрд сомдон ашты. Социалдык трансферттерден түшкөн киреше 34,2 млрд сомду, ал эми жеке көмөкчү чарбалардан түшкөн киреше 16,8 млрд сомду түздү.