Бишкек, 20.04.26. /Кабар/. 2026-жылдын январь-март айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын негизги капиталына инвестициялардын өсүшү байкалды. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти.
Маалыматка ылайык, агенттик инвестициялардын өсүшүн камсыз кылууга, эл аралык жана ички инвесторлордун ишенимин жогорулатууга, инвестициялык климатты жакшыртууга жана бул тармакта туруктуу укуктук-нормативдик базаны түзүүгө багытталган системалуу иштерди улантууда.
Улуттук статистика комитети тарабынан берилген маалыматтарга ылайык, январь-март айларында инвестициялардын жалпы көлөмү 77 млрд 319 млн сомду түзүп, өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 25,5 пайызга өскөн. Ички инвестициялар 1,2 эсеге көбөйсө, тышкы капиталдын агымы кыйла жогору темп менен өсүп, 1,5 эсени түзгөн.
Негизги каражаттар кен казуу тармагындагы объекттерди курууга, кайра иштетүү өнөр жайына, транспорт жана логистика тармагына, ошондой эле энергетикалык инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган.
Оң динамика инвесторлордун Кыргызстандын реалдуу секторуна жана инфраструктуралык долбоорлоруна болгон кызыгуусу жогору бойдон калып жатканын көрсөтөт.