Кыргызстанда интим кызматтарын жарнамалаган сайттарга бөгөт коюлду

Коом Загрузка... 30 Январь 2025
469095096_1071067861366842_1563537574499174832_n.jpg
copyright icon Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 30.01.25. /Кабар/. Ички иштер министрлиги интернет мейкиндигине мониторинг жүргүзүүдө интим кызматтарын жайылтууга байланыштуу маалыматтарды камтыган 20дан ашык интернет-ресурстарды аныктады. 

Ведомстводон маалымдашкандай, бул сайттарда интимдик кызмат көрсөткөн кыздардын сүрөттөрү жана кызмат акысы жарыяланган. Бул маалыматтарга жетүү мүмкүнчүлүгү оңой жана бул ресурстарга жашы жете электер дагы кире ала тургандыгы тынчсыздандырбай койбойт.

Аталган сайттардын иши мыйзам ченемдерин бузат, анын ичинде "Кыргыз Республикасында балдардын ден соолугуна, дене бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө" КР мыйзамынын талаптарын бузуу болуп саналат.

"Аталган сайттар адеп-ахлактын, коомдук нормалардын бузулдушуна алып келип, ошондой эле жаш кыздардын буга азгырылгандыгы коомдук коопсуздукка коркунуч жаратат. Мунун баары маданияттын, адеп-ахлактык жана руханий баалуулуктардын бузулушуна өбөлгө түзөт", - деп айтылат маалыматта. 

Ошондуктан, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы тарабынан чогултулган материалдардын негизинде жогорудагы сайттарга кирүүнү чектөө боюнча мыйзамдарга ылайык чаралар көрүлөт. 

2025-жылдын 17-январында Кыргызстандын аймагында интим кызматтарын жарнамалаган 23 интернет-сайттардын ишине бөгөт коюу боюнча соттун чечими чыгарылды. Бул чечимди аткаруу үчүн Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматына жүктөлдү.

Ички иштер органдары тарабынан "Притон" жана "Көпөлөк" рейддик иш-чаралары үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат. 

Үстүбүздөгү жылдын январь айынын ортосунда аталган иш-чараларды уюштуруу учурунда борбор калаадан 90 сойку аныкталып, милицияга жеткирилген. Иш-чаранын алкагында сауналар, күнүмдүк берилүүчү батирлер, мейманканалар жана болжолдуу сойкуканалар текшерилди.

Интим кызматын жарнамалаган сайттарга кирүүнү чектөө боюнча иштер улантылууда. Ошондой эле интимдик кызмат көрсөтүү сайттарын иштеп чыгуучуларга жана ээлерине карата аларды жоопкерчиликке тартуу максатында чаралар көрүлөт.