Кыргызстанда быйыл ишке берилүүчү ишканалардын катарында суткасына 12 миң даана фарфор идиштерин чыгарган биринчи уникалдуу завод ачылды. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине аталган заводдун директору Айдина Кеперакунова билдирди.

Анын айтымында, бул ISA завод - жогорку сапаттагы, эстетикалык жактан жагымдуу жана экологиялык таза продукцияны чыгарууга адистешкен өлкөдөгү фарфор идиштеринин алгачкы өндүрүүчүсү.
“Заводдо инновациялык технологияларды, дизайн тенденцияларын колдонуу менен дүйнөлүк стандарттарга жооп берген идиш-аяктарды чыгарабыз. Заводдогу өндүрүштүн кубаттуулугуна токтолсок, суткасына 12 миң, ал эми айына 400 миңден ашык даана идиш-аяк чыгарылат. Заводду курууда жана керектүү жабдыктарды сатып алууда инвестор катары 4 жеке ишкер 1 млн доллардын тегерегинде өз каражаттарын жумшашты”,- деди Кеперакунова.

Маалымдалгандай, фарфор идиштерин чыгарууда завод чийки заттын 80 пайызын Кытайдан импорттоп алат.
“Кытайдан алынган чийки затка өзүбүздүн кошулмаларды кошуп, идиш-аяктарды чыгарып жатабыз. Кыргызстанда да фарфор идишин даярдоого жарай турган чийки зат өндүрүүчү жерлер бар экен. Азыр ошол жерлерде изилдөөлөрдү жүргүзүп жатабыз. Белгилей кетсек, өндүрүлгөн продукциянын 40 пайызы ички рынокко сатылып, 60 пайызы Россияга менен Беларуска экспорттолууда. Өлкөдө фарфор идиштерин чыгарган биринчи завод болгондуктан, бул тармакты жакшы билген адистер бизде дээрлик жок эсе. Жумушчуларды өзүбүз үйрөтүп, окутуп анан ишке алып жатабыз. Ишкана жаңы эле ачылгандыктан, учурда 15тей адам иштөөдө. Келечекте завод 70тен ашык кишини иш менен камсыз кыла алат. Азырынча идиш-аяк чыгаруудабыз, кийинчерээк курулушка керектүү каражаттарды чыгаруу планыбызда бар”,- дейт жеке ишкер.

Ишкана жетекчиси кошумчалагандай, заводдо 1300 градус жогорку температурада 9 сааттан 12 саатка чейин меште күйгүзүлгөн, дүйнөлүк стандарттарга жооп берген жогорку сапаттагы фарфор идиш-аяктары өндүрүлөт. Өндүрүлгөн фарфор идиш-аяктары Бишкек шаарындагы заводдун өздүк дүкөнүндө сатылат

Белгилей кетсек, жогорку сапаттагы керамикалык идиш-аяктарды чыгарууну колго алган заводдун негиздөөчүсү "Интеграл-Гранд" ЖЧКсы бул багытта өлкөдөгү биринчи ишкананы түптөдү.