Кыргызстанда эгемендүүлүк алгандан бери чек ара маселеси азыркыдай изилденген эмес - Жумакадыр Атабеков

Пикир Загрузка... 27 Февраль 2025 16:15
1045928777_0_120_3067_2047_1400x0_80_0_0_407aa48e000d96391470364d75595586.jpg
copyright icon www

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 27.02.25. /Кабар/. Кыргызстанда эгемендүүлүк алгандан бери экономикалык, улуттук жана башка кыйын маселелер жаралып, чек ара маселеси азыркыдай изилденген эмес. Мындай пикирин “Кабар” маалымат агенттигине дипломат Жумакадыр Атабеков билдирди.

Анын айтымында, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын тактоодо эки тараптын бир чечимге, жыйынтыкка келүүсү бул жакшы көрүнүш.

“Ар бир өлкөнүн өзүнүн чек ара боюнча ички жана тышкы мыйзамдары болот. Тышкы мыйзамдардын негизинде чек аралары чектеш өлкөлөр менен келишим түзүлөт. Белгилүү болгондой, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын тактоо бир эле жолугуп сүйлөшүү менен чечилген жок. УКМК төрагасы бир нече жолу барып сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иш алып барууда. Тараптар акыркы 2011-жылдан 2021-жылга чейин чек аранын калган бөлүгүн тактоодо бирдиктүү чечимге келе албай келишкен. Бирок, кыргыз элинин тарыхында 10 жыл деген көз ачып жумгандай эле убакыт. Жер жүзүндө 100 жылдан бери чек ара маселеси чечилбей жүргөн өлкөлөр бар”, - дейт Жумакадыр Атабеков.

Ошондой эле кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын тактоо иштери башка да чек ара маселелерин чечүүгө үлгү болоорун дипломат белгиледи.

“Орто Азиядагы биздин боордош өлкө болгон Тажикстан Республикасы менен чек араны чечишип, ынтымакта жашайлы. Чек ара маселеси өлкөлөрдүн соода-экономикалык мамилесине, алыш-беришке чоң таасирин тийгизет. Алдыда айлар, жылдар өтүп, азыркы чек араны тактоо боюнча аткарылган иштер өз жемишин берет”, - деди дипломат.