Бишкек, 28.10.26. /Кабар/. Кыргызстанда дизель отуну боюнча кырдаал туруктуу, ал эми бензин боюнча бир аз тартыштык бар. Бул тууралуу Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канатбек Эшатов "Кабар" агенттигине билдирди.
Анын айтымында, учурда бензинди керектүү көлөмдө сатып алуу кыйын болуп, өлкө импорттун көлөмүн көбөйтүүгө аракет кылууда.
"Бензин боюнча бизде бир аз тартыштык бар, азыр каалаган көлөмдө сатып ала албай жатабыз. Биз каалаган көлөм мындан көбүрөөк болсо, ички корлорду көбөйтүп алсак дегенбиз. Бензин тобу боюнча 2-2,5 айлык жана 3 айлык корлорду түзүп алсак деген аракетибиз бар", — деди ал.
Эшатовдун маалыматына караганда, Кыргызстанда күнүнө бензин тобундагы күйүүчү майдан 1 миң 200 тонна, дизель отунунан да ушундай эле көлөм сарпталат. Мында өлкөнүн жалпы күнүмдүк ички керектөөсү 2,5-3 миң тоннанын тегерегин түзөт.