Кыргызстанда бензиндин баасы кымбаттоодо: Эксперттер эмне дейт?

Экономика Загрузка... 16 Июль 2026 16:50
8406da209cce1ae220cc1a0c542c11e0.jpg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Кыргызстанда күйүүчү майдын баасынын өсүшү акыркы күндөрү коомчулуктун көңүл борборунда болууда. Буга дүйнөлүк мунай рыногундагы өзгөрүүлөр, геосаясий кырдаал жана өлкөнүн импортко болгон көз карандылыгы себеп болууда. Адистер күйүүчү майдын туруктуу камсыздалышы үчүн жеткирүү багыттарын кеңейтүү зарылдыгын белгилешет.

Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майга болгон суроо-талап жыл сайын өсүүдө. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин маалыматына ылайык, өлкөдө 2 миллионго жакын автоунаа катталган. Анын жарымына жакыны бензин менен жүрсө, электр унааларынын саны 15 миңден ашып, жалпы автоунаалардын болгону 0,8 пайызын түзөт.

Акыркы беш жылда (2021–2025-жылдары) Кыргызстан ички керектөөнү камсыздоо үчүн жылына орточо 1,5–1,6 миллион тонна күйүүчү-майлоочу май импорттоп келген. Жалпысынан бул көлөм 7,5–8 миллион тоннага жетет.

Белгилей кетсек, өлкөгө импорттолгон күйүүчү майдын 90 пайыздан ашыгы Россиядан ташылып келет.

Акыркы күндөрү май куюучу жайларда, айрыкча АИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин баасы жогорулап жатканы байкалууда. Учурда анын бир литри 84,90 сомдон 89,90 сомго чейин сатылууда. Ал эми бул жагдай коомчулукту кооптондурбай койгон жок.

Ички рыноктогу туруктуулукту сактоо жана күйүүчү майдын тартыштыгын алдын алуу максатында министрлер кабинети Кыргызстандан мунай жана мунай продуктуларын сыртка чыгарууга убактылуу тыюу салган токтом кабыл алды. Бул чечим өлкөнүн ички керектөөсүн үзгүлтүксүз камсыздоого багытталган.

Ал эми адистердин айтымында, күйүүчү майдын кымбатташына ички факторлордон сырткары дүйнөдөгү геосаясий кырдаал жана эл аралык рыноктогу өзгөрүүлөр да олуттуу таасир этүүдө.

Экономика илимдеринин доктору Төлөнбек Абдыровдун “Кабар” агенттигине билдиргенине караганда, дүйнөдөгү геосаясий кырдаал күйүүчү-майлоочу майлар рыногуна түздөн-түз таасир этүүдө.

Анын айтымында, бул мунайдын дүйнөлүк баасынын өсүшүнө алып келип жатат.

“Күйүүчү-майлоочу майлардын, анын ичинде бензиндин баасына эң оболу Жакынкы Чыгыштагы Ормуз кысыгына байланышкан кырдаал жана дүйнөдөгү акыркы окуялар таасир этүүдө. Баалар Кыргызстанда же Россияда гана эмес, АКШ менен Европа өлкөлөрүндө да өсүп жатат.
Буга чейин Кыргызстанга Россиядан бензиндин туруктуу жеткирилип турушу эки өлкөнүн ортосунда макулдашылган квоталарга байланыштуу болгон. Азыр болсо Россиянын өзүндө да күйүүчү майга болгон суроо-талап өсүп, айрым учурда тартыштык жаралууда. Ушундан улам алар башка өлкөлөргө экспортту чектеп, Кыргызстанга күйүүчү май мурдагыга караганда кымбатыраак келип жатат. Ошондуктан бензиндин баасы дагы өсүшү мүмкүн”, - деди ал.

Эксперт белгилегендей, Кыргызстан күйүүчү май боюнча бир гана Россияга көз каранды болбошу керек.

Анын айтымында, башка өлкөлөрдөн да чийки мунай алып келүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгып, өлкөдө мунайды кайра иштетүүчү ишканаларды көбөйтүү зарыл.

“Мындан тышкары, күйүүчү майды башка өлкөлөрдөн алып келүүнүн жаңы жолдорун издөө керек. Бул маселени чечүү үчүн мамлекет да тиешелүү чараларды көрүп жатат. Ошондой эле стратегиялык запастарды көбөйтүп, аларды сактоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү маанилүү.
Бензиндин баасы канчага чейин өсөрүн так айтуу кыйын. Дагы көтөрүлүшү мүмкүн, бирок, кескин өсүп кетет деп айта албайм”, — деди Төлөнбек Абдыров.

Ошол эле учурда Кыргызстан күйүүчү май жеткирүүнүн жаңы багыттарын издеп, импорт булактарын көбөйтүү аракеттерин көрүүдө.

Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канатбек Эшатов билдиргендей, учурда кыргызстандык компаниялар күйүүчү-майлоочу майды башка өлкөлөрдөн ташып келүү мүмкүнчүлүктөрүн караштырып жатышат.

“Биздин компаниялар Кытай, Казакстан, Азербайжан, Беларусь жана Европа өлкөлөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат. Алар күйүүчү майды кайсы жерден тезирек жана Кыргызстанга кайдан арзаныраак алып келүүгө болорун караштырууда”, - деген Канатбек Эшатов.