Өлкөдө 545 балык чарбасы расмий каттоодон өткөн – департамент

Экономика Загрузка... 13 Апрель 2026 12:50
-------------------_MIC8Tx2.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 13.04.26. /Кабар/. Кыргызстанда бүгүнкү күндө 545 балык чарбасы катталган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Агрардык комитетинин жыйынында Балык чарба департаментинин директорунун орун басары Нуразамат Акпаралы уулу билдирди.

Анын маалыматына ылайык, балык чарбалары баарынан Чүй облусунда көп, алардын саны 398ди түзөт.

Ошондой эле Ысык-Көл облусунда — 48, Нарын облусунда — 34, Жалал-Абад облусунда — 39, Талас облусунда — 15, ал эми Ош облусунда 11 чарба катталган.