Бишкек, 28.10.25. /Кабар/. Кыргызстанда CreaPark 2025 сынагы башталды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Креативдүү индустриялар паркынын директору Канышай Мамытова билдирди.
Анын айтымында, Креативдүү индустриялар паркы (КИП) Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу жана ошондой эле Оlolo, Codify, Accelerate Prosperity, G-Craft жана ЕККУ уюмдарынын өнөктөштүгүндө CreaPark 2025 креативдүү продукттар боюнча сынак жарыялады.
Катышуу эмне берет?
- эксперттерден мастер-класстарды алуу мүмкүнчүлүгү;
- нетворкинг жана тажрыйба алмашуу;
- долбоорду кеңири аудиторияга таанытуу мүмкүнчүлүгү;
- долбоорду ишке киргизүү же кеңейтүү үчүн каржылык колдоо алуу мүмкүнчүлүгү.
Сыйлык фонду 600 миң сом.
Сынакка катышуучулардын арыздары 2025-жылдын 31-октябрына чейин кабыл алынат. Финалы 2025-жылдын 29-ноябрына белгиленген.
“Финалга чыккан катышуучулар өз долбоорлорун питч-сессия форматында сунуштайт. Андан кийин эл аралык жана жергиликтүү спикерлер чыгып сүйлөшөт. Бул ар түрдүү тармактагы долбоорлор болушу мүмкүн. Мисалы, уюлдук компания өзүнүн уникалдуу IT-продуктун сунуштап, экологиялык жашыл экономика багытында идеясын көрсөтсө болот же уникалдуу экологиялык таңгак ойлоп тапкан колбаса фабрикасы да катыша алат. Негизгиси ар кандай долбоорлор, ар кандай креативдүү идеялар кабыл алынат. Биздин сынак бардык жарандарга ачык жана бирдей мумкүнчүлүктөрдү берет. Сынакка бардык курактагы жарандар, жарандыгына же башка белгисине карабастан катыша алышат”, - деди Мамытова.
Сынакка ар кандай креативдүү продуктуларды жараткан адамдар катыша алат:
- китептер, комикстер, арт жана сценалык долбоорлор;
- дизайнерлик, технологиялык жана инновациялык чечимдер;
- идея этабынан тартып, даяр бизнеске чейинки бардык креативдүү продукциялар.
Кыскасы, өзгөчөлөнгөн идеяга жана чыгармачылыкка негизделген продукцияны жараткан ар бир өлкөнүн жараны жана чет элдик жарандар да сынакка катыша алышат.
Белгилей кетсек, Креативдүү индустриялар паркынын алкагында креативдүү экономиканы колдоо үчүн алгачкы ирет атайын жеңилдетилген салык режими бар.
Сынакка катышууну каалагандар шилтеме аркылуу кирип, арыз толтура алышат